Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө дээрлик 7 млн сом түшөт, - мэр

23.04.2024 14:31
95
Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө дээрлик 7 млн сом түшөт, - мэр


Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө 6,7 миллион сом түшүүдө. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.


Анын айтымында, күнүнө 616 автобус жана 115 троллейбуста 465 миң транзакция жүргүзүлүүдө.


"Коомдук транспорттун сапатынан сырткары, тейлөөнү да кароодобуз. Анткени буга чейин жол кире өз баасына жакындатып көтөрүлгөн. Андан тышкары, талондорду киргизүү жана транзакциялардын санын көтөрүү максаты коюлган. Бүгүнкү күндө 616 автобус жана 115 троллейбуста күнүнө 460 миң транзакция жасалса, көзөмөлдү күчөтүп 465 миңге жеткире алдык. Эгерде акчалай алсак, бул 6,7 миллион сомду түзөт", — деди Жунушалиев.


Мэр бул өз кезегинде автобустарды тейлөөгө жана алардын иштөө мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн