Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды

11.04.2024 10:08
168
Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды


Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тизмеде төмөнкү компаниялар бар:

- Малдыбаев көчөсү, 277 дарегинде жайгашкан "Имарат Строй" ЖЧКсы курулуш таштандыларын белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

- Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента Строй" ЖЧКсы тарабынан мыйзам бузуулар катталган. Компаниянын кызматкерлери курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун өтүүчү бөлүгүнө зыян келтиришкен. Компанияга карата протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

- Топурак чыгаруу эрежелерин бузгандыгы үчүн "Алим Курулуш" ЖЧК жоопкерчилик тартат. Компанияга карата протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды;

- Жеңиш көчөсү, 263 боюнча Лебединовка айылында жайгашкан "Курулуш кызматтары" ЖЧКсына кирүү жолдорун өз алдынча курганы үчүн протокол түзүшкөн. Айып пулдун суммасы 17 миң сомду түздү;

- "Капстрой Кей Джи" курулуш компаниясы бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу үчүн 17 миң сом айып алды.

- Ч.Айтматов проспектиси, 100/2 жайгашкан "Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш таштандыларын жыйноо боюнча жазма буйрук алган.

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларына салынган айыптардын жалпы суммасы 103 миң сомду түздү.

Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн