Бугу 04, 2025
Убакыт: 10:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Бишкекте кошумча дагы үч күндүзгү стационар ачылды

11.07.2020 14:21
1240
Бишкекте кошумча дагы үч күндүзгү стационар ачылды



Бишкек шаарында дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

 

Алардын маалыматы боюнча, кошумча стационардык борбор Ак-Ордо, Ак-Босого жаңы конуштарында жана Аламүдүн-1 кичи районунда иштеп жатат.

"Ак-Босого жаңы конушундагы №81 мектептин имаратында - 40 орун, "Ар-Ордодо" №96 мектептин имаратында - 30 орун даяр болду. Ал эми Аламүдүн-1 кичи районунда №38 мектептин имаратына 50 кишилик орун бар. Бардыгы биринчи бейтаптарын кабыл ала баштады.


Буга чейин Бишкекте 9 күндүзгү стационар ачылган. Анда медициналык жардам эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, күндүзгү стационарлар калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ыкчам ачылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн