Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте кулаган тик учакта жабыркагандардын абалы туруктуу, - Саламаттык сактоо министрлиги

18.01.2024 12:16
158
Бишкекте кулаган тик учакта жабыркагандардын абалы туруктуу, - Саламаттык сактоо министрлиги


Бишкекте кулаган тик учакта жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.


Билдирмеге караганда, учурда Тез жардам ооруканасында сегиз адам дарыланууда.


"Жандандыруу бөлүмүндөгү төрт адамдын экөө палатага которулса, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Дагы эки жабырлануучу Улуттук госпиталда, алардын дагы абалы туруктуу", — деди министрликтин маалымат кызматы.


Эске салсак, кечээ, 17-январда, Бишкектин четинде Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда кулаган. Кырсыктан бир адам каза таап, 10 аскер жабыркаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн