Кулжа 25, 2025
Убакыт: 23:37
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

Бишкекте мектептерге бомба коюлду деп жалган маалымат тараткандар кармалды

29.12.2023 16:19
446
Бишкекте мектептерге бомба коюлду деп жалган маалымат тараткандар кармалды


УКМК Бишкек шаарындагы мектептерге бомба коюлгандыгы боюнча жалган чалууларды аткарууга буйрутма берген деп шектелген балдарды кармады.


Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14 жаштагы Ж.Д.А., 15 жаштагы Д.Д.Б. жана К.А.А. колго түшкөн.


"Алар 30-ноябрда жана 18-декабрда чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрутма беришкен. Мындан улам Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.


Алардын максаты окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу болгону белгиленди.


УКМК мындай жорук жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Терроризм акты жөнүндө атайылап жалган билдирүү") ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги — 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн