Бишкекте кун мурун оңдоп-түзөө иштеринен кийин Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн - Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки, узундугу 1,7 чакырымды түзгөн бөлүгү толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жол бөлүгүндө төмөнкү иштер аткарылган:
– эки катмар асфальт төшөлдү;
– жаңы жол белгилери орнотулду;
– жол чийиндери чийилди;
– жол боюндагы бордюрлар жаңыртылды.
Жогоруда аталган ондоп-түзөө иштери транспорт агымын жакшыртууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жаңыланган жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн