Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Ала-Арча" соода борборунун директору алдамчылыкка шектелип кармалды

26.01.2024 16:59
246
Бишкекте "Ала-Арча" соода борборунун директору алдамчылыкка шектелип кармалды


Бишкекте "Ала-Арча" соода борборунун директору алдамчылыка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы ноябрь айында Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы туруктуу киреше убада кылып, "Фаргокоин" криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң доллар жана 1 млн сом суммасында акча каражатын ээлеп алган адамга чара көрүп берүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 млн 969 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ири өлчөмдөгү криптовалюта алдамчылыгы боюнча кылмыштын бетин ачуу иш аракеттери ИИМдин КИББнын төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024-жылдын 23-январында кылмышка шектүү катарында "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору Б.Т. аттуу жаран кармалган.

КР Жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы каралып камакка алынган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул алдамчылык боюнча башка жабыркаган жарандар дагы болушу мүмкүн. Иш боюнча кылмыш шериктештерин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн