Баш оона 24, 2025
Убакыт: 20:11
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Бишкекте "кызыл зонада" иштеген медиктер Сары-Челекке эс алууга жиберилди

31.08.2020 10:57
908
Бишкекте "кызыл зонада" иштеген медиктер Сары-Челекке эс алууга жиберилди


Бишкек шаарынын Ленин районунда "кызыл зоналарда" иштеген медициналык кызматкерлер "Сары-Челек" коругуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, медициналык кызматкерлерди аким Чынасыл Чыныбаев узатты.


"Үч күндүк эс алууга №1 үй-бүлөлүк ден соолук борборунан төрт медик, №2 жана №11 үй-бүлөлүк ден соолук борборунан 4 медик жана №12 борборунан эки медик, №13 борборунан 3 кызматкер жана №17 үй-бүлөлүк ден соолук борборунан эки медициналык кызматкер жөнөтүлдү. Алардын каржылык чыгымдарын Ленин райондук администрациясы Сары-Челек көлүнө жакын жайгашкан "Эверест" эс алуу борбору менен биргеликте көтөрдү", - деп айтылат маалыматта. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн