Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте тез татымдан уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкекте тез татымдан уулангандардын саны 70тен ашты


Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган.

Белгиленгендей, ооруканага жаткырылгандардын 31и чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар.

"Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандар үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” тез тамактануучу жайларындан шаурма жегендер жапырт ууланышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн