Кулжа 25, 2025
Убакыт: 01:36
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Бишкекте түндүк менен түштүктү бириктирген 4 ири жол курулат

15.03.2023 15:19
396
Бишкекте түндүк менен түштүктү бириктирген 4 ири жол курулат

Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы" (3-фаза) долбоорунун алкагында КЭРдин грантынын эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Планга ылайык төмөнкү жолдор курулмакчы:


• Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;

• Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;

• Л. Толстой көчөсү - Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;

• Анкара - 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.


Учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн