Кулжа 23, 2025
Убакыт: 01:03
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Бишкекте унаа уурдап качкан балдар жол кырсыгына кабылды

07.09.2021 12:24
790
Бишкекте унаа уурдап качкан балдар жол кырсыгына кабылды

5-сентябрда Э.Ө. аттуу жаран Гагарин-Кырк-кыз көчөсүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайдан белгисиз балдар унаасын айдап качканы тууралуу милицияга кайрылган. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, 2005-жылы туулган М.С., 2003-жылы туулган М.М. жана 2001-жылы туулган К.С. аттуу балдар унааны уурдап качышкан. Алар Сокулук районунда жол кырсыгына кабылган.


Балдардын экөө ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Ал эми К.С. аттуу бала тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн