Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жасалма 15 миң долларды сатууга аракет кылган адам кармалды

10.03.2020 10:20
683
Бишкекте жасалма 15 миң долларды сатууга аракет кылган адам кармалды

Бишкекте жасалма 15 миң  АКШ доллары менен 65 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.  


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6-март күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында  15 миң жасалма АКШ доллары менен 1955-жылы туулган жаран кармалган.

Ага карата  225-берене (акча жана балуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголуп,сотко чейинки тергөө иштери башталган. Учурда айыпталуучу  УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн