Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Бишкекте жаш киночулардын "Үмүт" форуму өтөт

12.03.2024 11:01
1662
Бишкекте жаш киночулардын "Үмүт" форуму өтөт


Бишкекте 29-марттан 31-мартка чейин жаш киночулардын "Үмүт" форуму өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти. 

Быйыл форум Кыргыз Республикасынын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат.

11-ирет өткөрүлүп жаткан форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз. Иш-чаранын ачылышы 29-мартта "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт. Башталышы саат 11:00.

Иш-чара таланттуу жаштарды колдоо, тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга даңазалоо, жаңы режиссёрлорду табуу жана жаш кинорежиссерлордун профессионалдык өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

"Үмүт" кинофоруму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.

XI форумдун программасында:

— улуттук жана эл аралык программаларды талкулоо менен көрсөтүү (дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу);
— кыска метраждуу фильмдердин кинодолбоорлорун көрсөтүү;
— престиждүү эл аралык кинофестивалдардын катышкан жана алдынкы орундарды багындырып келген тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү;
— эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн