Кулжа 17, 2025
Убакыт: 13:56
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

15.10.2024 15:24
286
Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды


Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.


"Бишкек ЖЭБдин директору 4-блокту кое бергенин айтып чалды. 22-октябрдан баштап, буюрса, жылуулук бере баштайбыз. 300-350 мегаваттка чейин көтөрөм деп жатат. Быйыл эрте баштап жатабыз. Мынчалык эрте эч качан берген эмеспиз. Метеорологдор аба ырайы төмөндөй турганын айтышты", — деди Ибраев.


Эске сала кетсек, адатта борбор калаада аба ырайы беш сутка катары менен 8 градустан төмөн болсо жылуулук берилет. Жылытуу алгач бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн