Аяк оона 17, 2025
Убакыт: 14:31
USD
87.30
87.80
EUR
103.10
104.10
RUB
1.045
1.080

Бишкектеги №69 мектеп-гимназиясынын бассейни капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

11.07.2023 16:55
501
Бишкектеги №69 мектеп-гимназиясынын бассейни капиталдык оңдоодон өткөрүлөт


Борбор калаанын мэриясы КР Триатлон федерациясы менен Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын бассейнин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, суу менен камсыздоо жана чыпкалоо системасын, душтарды, кийим чечүүчү бөлмөлөрдү, машыктыруучу, административдик-техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо, ошондой эле мектептин спорт залын жана жеңил атлетика ийримдерин оңдоо, аларды заманбап резина каптоо менен жаңылоо пландаштырылууда.


«Иш жакында башталат. Күтүлгөн оңдоо мөөнөтү 5 айдан 7 айга чейин. Ал эми федерация жана өнөктөштөр тарабынан тартылган инвестициянын көлөмү 30 миллион сомдон ашты», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн