Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкектеги эки шайлоо округунда кайра шайлоо аяктады

27.02.2022 20:05
8135
Бишкектеги эки шайлоо округунда кайра шайлоо аяктады

Бүгүн, 27-февралда, саат 20:00дө Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады.


Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.


Боршайкомдун маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата Биринчи май жана Свердлов округдарынан шайлоого 40 миң 970 адам же жалпы шайлоочулардын 18,65 пайызы катышты. Анын ичинен №27 Биринчи май округунда 15 миң 529 (13,73%) адам, №29 Свердлов округунда 25 миң 441 адам (23,88%) добуш берди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн