Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектиктердин орточо айлык акысы 22 миң сомдон ашты

27.04.2021 11:30
4762
Бишкектиктердин орточо айлык акысы 22 миң сомдон ашты

2021-жылдын январь-февраль айларында Бишкек шаарында орточо айлык номиналдык жана реалдуу эмгек акы 22 764 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылды.


Мекеменин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айларында бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 940 сомду түзүп, 2020-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 4,5% га жогорулады жана керектөө бааларынын индексине эсептелген анын чыныгы көлөмү, 5,3% га төмөндөгөн.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде, 2021-жылдын январь-февраль айларында бир кызматкерге орточо айлык эмгек акы 212,7 долларды түзгөн.

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Айка
Калп 4000-5000эле каяктагы 22000
Жыпаркүл
Кайсы жагында көбөйүп жатат так көрсөтсө болмок экен көбөйсүн
Данияр
Эминенин эсебинен чыгып келди? Аныктама кана?
Акматова Нурзада.
Мен билгенден мектепте иштеген менин кызым 8 миңдин тегерегинде эле айлык алат 19 саат менен,мугалим.жалгыз бой 3 баласы бар квартирада турат,Орокто.
Атабеков
Чиновниктердин алган айлыгын эсептеп алып, айта бересинер...Карапайым калктын орточо айлыгы 7, 8 эле мин