Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкектин четинде окуучу кызды сүзүп кеткен BMW`нын айдоочусу кармалды

26.04.2024 12:04
161
Бишкектин четинде окуучу кызды сүзүп кеткен BMW`нын айдоочусу кармалды


Милиция кызматкерлери Селекция айылында жолдун четинде бара жаткан окуучу кызды сүзүп кеткен BMW`нын айдоочусун кармады.

Жол кырсыгынын видеосун күбөлөр социалдык тармакка чыгарышкан.

Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган. ЖКККБнын издөө бөлүмү BMW унаасын дана айдоочунун өздүгүн тактады.

Азыркы учурда жаран Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилүүдө, ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Ошондой эле жабырлануучу ооруканага кайрылбаганы, анын өздүгү тактала электиги айтылат. Жабырлануучу тарап милицияга арыз жазган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн