Баш оона 05, 2025
Убакыт: 03:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камалды

15.04.2024 15:07
426
Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камалды


Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди.

Биринчи май райондук сотунан агенттикке билдиришкендей, Сазыкулов 11-майга чейин камакта болот.

Буга чейин "Кабар" агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн