Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектин вице-мэри автобустар үчүн жол кирени 25 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

23.04.2024 14:28
95
Бишкектин вице-мэри автобустар үчүн жол кирени 25 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады


Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жаңы автобустар канча жылда өзүн актай турганын сурады.


Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоков жалпысынан 124 жаңы автобус сатылып алынганын билдирди. Тарифтер көтөрүлсө өздөрүн актай алышат.


«Бул субсидияланган автотранспорт ишканасы. Аны жергиликтүү бюджеттен колдоого алышыбыз керек. Бирок субсидиядан чыгуу керек болсо, тарифтерди өзгөртүү керек», - деп белгиледи ал.


Мирлан Байгончоков бүгүн коомдук транспортто накталай эмес ыкма менен жол кире 17 сом, накталай 20 сом экенин эске салды.


«Мындай тарифтер менен автобустар өзүн актай албайт. Биздин тариф 25 сом болсо, сегиз-он жылдан кийин өздөрүн актайт. Бирок бул баалар өзгөрүүсүз жана курс туруктуу болсо», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн