Бугу 02, 2025
Убакыт: 15:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Бишкектин жолдорун тазалоо иштерине 44 атайын техника чыкты

22.01.2025 14:42
264
Бишкектин жолдорун тазалоо иштерине 44 атайын техника чыкты


“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 13:00гө карата линияга 44 атайын техника чыкты, 55 тонна техникалык туз колдонулган.

Белгиленгендей, МАЗ үлгүсүндөгү 5 кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 4 даана УКМ-2500 универсалдуу муниципалдык унаа жана 4 даана “Бопкат” щеткалары менен.

Маалым болгондой, кардан тазалоодо жаңы атайын техникалар, ошондой эле ишкананын 750 кызматкери тротуарларды тазалап жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн