Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Быйыл Кыргызстанда дем берүүчү гранттын эсебинен 439 долбоор ишке ашырылат

05.04.2024 12:51
850
Быйыл Кыргызстанда дем берүүчү гранттын эсебинен 439 долбоор ишке ашырылат


Быйыл Кыргызстанда дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2024-жылга "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен 1 млрд 500 млн сом каралган.

Буга байланыштуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Суйналиев баштаган комиссиялык отурумдун жыйыны болуп өттү. Анда 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашырылуучу 439 долбоор бекитилди.

Маалымат үчүн: Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн