Бирдин айы 09, 2025
Убакыт: 23:32
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Бийлик Эски аянттагы Лениндин эстелиги боюнча үн катты

16.01.2025 16:11
253
Бийлик Эски аянттагы Лениндин эстелиги боюнча үн катты


Бишкектеги Лениндин эстелиги өз ордунда калат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбей туруу өтүнүчү менен билдирүү жасаган.

"Эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Толук маалыматты тактабай туруп, кабатыр болууга негиз жок экенин билдирем. Бардык талкуулар реалдуулукка жана так маалыматка негизделиши керек”,-деп жазган ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн