Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:48
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Бизде ар кандай түрдөгү ишкерлер да бар, алар чындап эле эптеп-септеп күн көрүшөт”

12.12.2023 12:01
3084
“Бизде ар кандай түрдөгү ишкерлер да бар, алар чындап эле эптеп-септеп күн көрүшөт”


Жакынкы күндөрдөн бери ККМ боюнча ишкерлер нааразычылыгы курчуду. Бул баардык базарларда кайталанып, эл көйгөйүн айтып чыкты. ККМ тууралуу экономика боюнча эксперттер кандай пикирде?


Бекмамат Орозов, экономика боюнча эксперт: 

- ККМ системасы толук иштелип чыкпаган, базарга ылайыксыз экенин жакынкы күндөгү болуп өткөн нааразычылыктардан байкоого болот. Анткени, ККМ менен профессионалдуу бухгалтер-эсепчилер иштөөсү керек. Ошол эле эсеп фактурасын толтуруу, отчёт тапшыруу, бухгалтердик баланс сыяктуу нерселер карапайым соодагерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Ал эми жогорудагы нерселерди аткарбаган учурда жогорку өлчөмдөгү айып пулдар салынып баштайт. Билишимче, 13000 сомдон башталып, андан кийинки учурларда 26000 сом жана андан ары жогорулай берет. Ошол себептен базарлардагы ишкерлер нааразычылык акцияларына чыгып, өздөрүнүн сунуштарын айтып жаткан учурлары. Мамлекеттик салык кызматы ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ишкерлердин сунушун эске алышы керек. Өзүңүздөр байкагандай, ал жердеги ишкерлер салык төлөөдөн качпай турганын билдирип жатышат. 


Кайрадан ушундай нааразычылыктар кайталанбашы үчүн сунушталып жаткан "өзгөчө салык системасын" ишкерлер менен кеңешип иштеп чыгуу зарыл. Кандай гана мамлекеттик орган болбосун, эл менен иштешүүгө милдеттүү. Ал эми дүң соода менен алектенген резидент жана резидент эмес соодагерлер ККМ системасы менен иштегени туура.


Улукман Мамытовэкономика боюнча эксперт:


- Өкмөттүн саясатына нааразы болгон ишкерлердин ККМине келсек, алар мамлекет бюджетти толтурууда тез жыйынтык көрсөтүү үчүн ишкерлерден ошончолук салык чогултууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Бул жерде кандайдыр бир чындык бар. Алар ушундай кыска мөөнөттүү максаттар үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерге маани бербей келишет. Тескерисинче, ишкерлерди тарбиялап, аларды кантип өнүктүрөбүз, ирилештиребиз, жүгүртүүбүздү көбөйтөбүз (!) деп багыт бергендин ордуна мамлекет чындап эле азыркы этапта мүмкүн болушунча салык чогултуп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүгө аракет кылууда.

Менимче, бир аз башкача стимулдаштыруучу чараларды колдонуу алда канча акылдуурак болот окшойт, мисалы, Казакстанда алгач ишкерлердин өздөрүнүн жүгүртүүсүн көбөйтүүгө кызыкдар болушуна жана түрткү берүүчү механизмдерди кантип ишке киргизүү керек экенин ММКлар аркылуу алгач жайылтылды. Алар муну жасашты, иштеп жатышат, бирок азырынча акырындык менен. 


Албетте, кассалык машиналарды киргизүү саясаты туура, ар ким көмүскөдөн чыгып, ачык көрсөтүш керек. Бирок бизге экономикалык категория да, социалдык фактор да эске алынышы керек болуп калды. Ишкерлердин баары өз алдынча иштеген адамдар. Алар иштешет, өздөрүнө жумуш орундарын түзүшөт, б.а. бул факторду да эске алуу керек. Бизде ар кандай түрдөгү ишкерлер да бар, алар чындап эле эптеп-септеп күн көрүшөт. Жардамга, колдоого муктаж, ошондуктан аларга мынчалык чоң салык салууга болбойт, атүгүл аларга өсүү мүмкүнчүлүгүн берүү керек.


Бул жерде көп нерсе салык кызматынан көз каранды. Ошондуктан мындай иштерди жүргүзүүдө ачык-айкын иш алып баруу үчүн ишкерлерди категорияларга бөлүү менен аларды колдоо керек. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн