Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Блогерлерге салык салуу сунушталды (видео)

25.04.2021 15:59
1189

Өлкөбүзгө жардам керек, деген билдирүү калтырган блогер Илияс Ютубдагы өзүнүн “Илияс Айтурган” каналына.


Ал кымбатчылык болуп, электр жарыгынын баасы жогорулап жатканда блогерлерге да салык салууну сунуш кылды. 


“Мисалы, аз эле катталуучум (19,7 миң) бар мен эле ГИВден 100 миң сомдон ашык акча иштедим. Менден көп катталуучусу бар блогерлер толтура, азыр жылдыз менен блогер көп. Ошондуктан ГИВ, блогерлерди мыйзамдаштырып туруп, ар бирине салык салса өтө көп акча түшмөк”, - деп белгилейт ал.


Ошондой эле ал бардык блогерлерге кайрылып, патриот болуп көкүрөк кага бербей, тапкан кирешесинин кайсы бир бөлүгүн салык катары же фонд аркылуубу мамлекетке өткөрүп берели, деген сунушун айтты.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн