Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

13.11.2023 13:55
176
Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт


Боом капчыгайында 13нөн 17-ноябрга чейинки аралыкта таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 

Таш түшүрүү иштери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында жана капчыгайдагы темир жолдун 3898-3899-чакырымында жүргүзүлмөкчү.

Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолду маал-маалы менен жаап турат. Маалыматта жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталары айтылат. 

"Кыргыз темир жолу" айдоочуларга кайрылып, каттамды алдын ала пландоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн