Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Боомдо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Боомдо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду


Боом капчыгайында 1-октябрда болгон жол кырсыгынан эки адам каза болгонун Кемин райондук ооруканасы билдирди.


"Маркумдардын бири ошол жерден мүрт кеткен, дагы бир аял реанимацияда каза болгон. Ушул эле бөлүмдө дагы үч адам жатат. Тогуз киши хирургия бөлүмүндө", — деп айтылат маалыматта.


Дагы 11 киши медициналык жардамга муктаж болуп кайрылган, айрымдары ооруканага жатуудан баш тартса, калганы амбулатордук дарыланууга коё берилген.


Эскерте кетсек, каргашада бус менен жеңил автоунаа кагышкан. Күбөлөр салган видеодо жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып, ал эми бус бир капталына оодарылып калган

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн