Кулжа 18, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Ботаникалык бакчада өспүрүм бычакталып каза болду

Ботаникалык бакчада өспүрүм бычакталып каза болду


Бишкектин Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада 9-июнь күнү саат 22:20 чамасында жашы жете элек бала бычакталып, алган жаракатынан улам каза болгон.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-июнда билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 2007-жылы туулган А.Р. Сот аны 2 айга №14 түзөтүү колониясына (Чүй районунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин колониясы) камакка алды.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн