Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Будапештте күзөтчү Роналдуну тааныбай документтерин текшерди (видео)

17.06.2021 14:57
1668
Будапештте күзөтчү Роналдуну тааныбай документтерин текшерди (видео)


Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.


Кийим которгон жайга бараткан Португалия курама командасынын чабуулчусун стюарддардын бири токтотуп, документтерин сураган.


Видеодон күзөтчү футболчунун документтерин карап, баары дал келгенине ынангандан кийин гана кое бергени көрүнүп турат.


Роликтин алдындагы комментарийлерде атактуу футболчу тагынып жүргөн бет кабынан улам да таанылбай калганын айткандар болууда.


Роликти ESPN каналы да жарыялаган. Окуя Евро-2021де Португалия менен Венгриянын беттеши алдында болгону айтылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн