Бугу 04, 2025
Убакыт: 05:29
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

13.10.2020 15:21
1317
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт


Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын маалыматына караганда, жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саат 16:00дө болот. 


Буга чейин депутаттар парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип беришкен. Кийинчерээк кээ бир эл өкүлдөрү жыйында кворум болбогондугун жана премьер-министрдин бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан.


Азырынча күн тартибинде кайсыл маселелер каралары белгисиз. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн