Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бүгүн модернизацияланган люкс вагон Балыкчыга жөнөп кетти

22.07.2022 13:17
611
Бүгүн модернизацияланган люкс вагон Балыкчыга жөнөп кетти


“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын модеризацияланган люкс вагону бүгүн, 22-июлда Бишкектен Балыкчыга жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Билеттин баасы чоңдор үчүн 500 сом, балдарга 250 сомду түзөт.

Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар.

"Кыргыз темир жолунан" кошумчалашкандай, люкс вагон кошулган Бишкек–Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн