Бүгүн, 5-августтан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кыймыл жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.
Быйыл Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда.
Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн