Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 16:50
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Жалал-Абад: Балдарды коргоо күнү быйыл белгиленбейт

21.05.2020 14:36
1790
Жалал-Абад: Балдарды коргоо күнү быйыл белгиленбейт


Бул жылы 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү Жалал-Абадда салтанаттуу түрдө майрамдалбайт. Бул тууралуу 21-майда болгон брифингде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

 

“Бул жылы 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Балдар үчүн оюн-аянттар, сейил бактар иштебейт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрдө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, - деди Нурболот Мирзахмедов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн