Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Булак талаштан чыккан чек ара чырынан жабыркагандар такталууда, - Акрам Мадумаров

31.05.2020 15:51
3403
Булак талаштан чыккан чек ара чырынан жабыркагандар такталууда, - Акрам Мадумаров


Баткен облусунун Кадамжай районунда бүгүн, 31-майда орун алган кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр булак талаштан пайда болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районуна караштуу Чечме деген булак бар. Жыл сайын эки өлкөнүн жарандары бул булакты тазалап турушат. Бул жолу эки тарап айтышып, уруша кетишкен экен. Бири-бирине таш ыргытышкан. Жергиликтүү бийлик жеринде чырдын себебин тактап жатат.

Адатта тазалоо иштерине 30-40 киши чогулат. Азыр канча адам чырга катышканын тактап жатабыз. Жабыркагандар барбы же жокпу, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тактап жатышат. Ал тактала элек чек ара тилкеси болуп саналат. Бул булакты эки тарап тең пайдаланып келет. Ошол себептен бул жерде чыр жыл уланбай чыгып турат. Бирок кооптуу жагдай түзүлө турган абалга келишине жол берилбейт”, - деди Акрам Мадумаров.

Ал кошумчалагандай, кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу жакын арада сүйлөшүүлөр пландалууда. Ал жердеги булактын маселеси чечилбей келатат. Эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымал. Ошондуктан булак көйгөйлүү маселе болуп эсептелинет. Бирок бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Эки тараптуу жолугушуу болгондо чечебиз", - деп билдирди вице-премьер.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Маке
Тезек терип жүрөсүңөрбү батыраак чечбейсиңерби анда. Колуңардан келбесе кысып оорунду бошотуу зарыл
Кке
Эки тараптуу жолугушуу качан гана кыргыз атуулу өлгөндө болобу?Биз чече албай атабыз жардам бергилечи дегенден уялып жүрөсүңөрбү?Колдон келбей атат деп элге айткыла -колунан келгендер эл арасында толтура.