Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чек ара окуясынан 15 адам жаракат алган, экөө оор абалда, - Министрлик

01.06.2020 09:27
1160
Чек ара окуясынан 15 адам жаракат алган, экөө оор абалда, - Министрлик


Баткен облусунун Кадамжай ройонунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы чек ара чырынан 15 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.


Алдын ала маалыматтар боюнча, Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна жаракат алган 15 жабырлануучу келип түшкөн. Учурда алардын төртөөсү ооруканада, калгандары алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган.


Ар кандай жаракаттары бар 4 жабырлануучу ооруканада дарыланып жатышат, экөөнүн абалы оор деп бааланууда, ал эми калган экөө салыштырмалуу канааттандырарлык абалда”, - деп билдирди министрлик.


Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан.


Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткендеги кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн облустук саламаттыкты сактоо координатору жетектеген реаниматолог жана травматолог жөнөтүлдү.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн