Кулжа 29, 2025
Убакыт: 14:20
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Чек арадагы акыркы абал боюнча Баткен облустук милиция билдирүү таратты

29.04.2021 09:16
1030
Чек арадагы акыркы абал боюнча Баткен облустук милиция билдирүү таратты

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Облустук милиция Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

"Бүгүн, 29-апрелде эртең менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул факты Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнөн жараат алып, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси ("киши өлтүрүүгө аракет кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кумаркана ачыш менен алек болбой чек араны елин коргошподу