Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чемпиондор лигасынын финалында Франция менен Германиянын клубу ойнойт

20.08.2020 07:34
1104
Чемпиондор лигасынын финалында Франция менен Германиянын клубу ойнойт


Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жарым финалында "Бавария" "Лионду" ири эсепте жеңип алды.

Португалиянын Лиссабон шаарындагы "Жозе Алваладе" стадионунда өткөн оюнда Германиянын "Бавария" командасы 3:0 эсеби менен франциялык "Лионду" жеңди.

Эми алар финалда Париждин "ПСЖ" клубу менен чемпиондук наам үчүн беттешет. Чемпиондор лигасынын финалы 24-августка караган түнү саат 01:00дө башталат.

Белгилей кетсек,  буга чейин "ПСЖ" командасы "РБ Лейпциг" клубун 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин алгачкы финалчысы болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн