Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чет өлкөгө барып келген депутаттарды карантинге жаткыруу сунушталды (видео)

11.03.2020 10:28
1095
Чет өлкөгө барып келген депутаттарды карантинге  жаткыруу сунушталды (видео)


Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешов учурда дүйнөнүн 112ден ашуун өлкөсүндө коронавирус илдети катталып, эл өкүлдөрү бири-бирине дартты жугузуу коркунучу бар экенин айтты.   

Ал айрым кесиптештери коронавирус илдетинин тарап жатканына карабастан иш сапарга чыгып жатканын айтып, төрага Дастан Жумабековго чектөө киргизүүнү суранды.

“Германияда жүрүшөт, ал жакта миңден ашык киши коронавирус менен ооруп атат. Келиңиздер иш сапарды  да токтотолу. Келгендер карантинге жатышсын, бир айбы же эки жума болобу”, - деди Бекешов.

Дастан Жумабеков сунушту эске аларын жана учурда малекеттик штаб иштеп жатканын айтты.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн