Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чикагодо Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсү ачылды

21.07.2023 16:39
1412
Чикагодо Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсү ачылды


18-июлда Чикагонун борборунда Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсүачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси жана мекендештерге тиешелүү болгон 5 компания менен биргелешкен ийгиликтүү иштердин жыйынтыгында Кыргызстан Чикагодо өткөн 80ден ашык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн арасындагы "Маданий көргөзмөлөр" сынагында 4 жеңүүчүнүн бири болгон.

Бул долбоордун алкагында Чикагонун туристтер эң көп келген жеринен Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсүн өткөрүү үчүн 4 айга имарат бөлүнгөн.

Кыргызстандын көргөзмөсүнүн расмий ачылышынын алкагында конокторго перформанс көрсөтүлүп, анын жүрүшүндө таланттуу мекендештер улуттук жана заманбап бийлерди, элдик күүнү, "Манас" эпосунун уламышын, ошондой эле улуттук кийимдердин дефилесин тартуулашты.

Коноктордун өзгөчө көңүлүн Кыргызстандан жасалган жана алынып келинген кыргыз боз үйү, ошондой эле VR көз айнектери буруп, анын жардамы менен туристтер виртуалдык саякатка чөмүлүп, Кыргызстандын кайталангыс жаратылышынын кооз жерлери менен тааныша алышты.

Башкы консул Болотбек Борбиевдин куттуктоо сөзүндө 4 ай ичинде кыргыздын улуттук музыка жана бий кечелери, кыргыздын улуттук кийимдеринин дефилеси, сүрөт көргөзмөлөрү жана башка көптөгөн маданий иш-чаралар пландалып жатканы айтылды.

Чикагого туристтик агымды эске алуу менен бул долбоор кыргыз продукциясын АКШга экспорттоону, Кыргызстандын таанылышын, туристтик потенциалын жана маданиятын даңазалоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсү күн сайын саат 11:00дөн 19:00гө чейин ачык жана The Wrigley Building 400 N Michigan Ave, Chicago, IL 60611, US дарегинде жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн