Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чынара Эсенгул: “Экономика, армия, идеология бекемделсе, эгемендүүлүктү камсыздай алабыз”

06.05.2021 22:37
1829
Чынара Эсенгул: “Экономика, армия, идеология бекемделсе, эгемендүүлүктү камсыздай алабыз”


- Кыргыз-тажик чек арасында болгон акыркы окуялардан улам, ириде ушул мамлекет менен чек ара маселелерин чечүүнүн жолдоруна токтолсоңуз?


- Кайсы мамлекет менен болбосун чек ара маселесин сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылышыбыз керек. Бул аябагандай маанилүү. Кыргызстан-Тажикстан чек ара маселеси дагы ошол жол менен чечилиши керек эле. Тилекке каршы, ушундай жагдайлар болуп, жоготуулар орун алды. Эми болгон окуяларды туура, так баалап туруп, ошонун негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. 


- Көпчүлүк бул окуялардан кийин биздин өлкө тышкы саясатта бир гана орустарга ыктай берүүдөн алыс болууну айтышууда. Эгер андай болсо, бизге кайсы өлкөлөр менен көбүрөөк жакындашып, алаканы күчөтүү зарыл дейсиз?


- Менин жеке пикиримде, “орустардан алысташ керек” деген ой жүгүртүү туура эмес. Бизге кайсы бир мамлекет менен болгон чыр-чатакта экинчи бир өлкөнүн колдоосун күтүү дегеле болбойт. Ошондуктан, биз өзүбүз баардык тараптан күчтүү турушубуз маанилүү. Ар тараптуу саясат жүргүзүп, Батыш, Чыгыш, алыскы-жакынкы өлкөлөр менен жакшы мамиледе болуш керек. Эгер биз түрк тилдүү мамлекеттерге өтө жакындасак, Тажикстан болсо фарстар катары Иранга ыктаса, анда чоң геосаясый оюндардын элементи Борбор Азияга келип, аягы жакшылыкка алып келбейт. Мына ушундан улам, баардыгына бирдиктүү, тең дистанцияны кармоо принциптери менен тышкы саясатты жүргүзүү абзел.


- Талкаланып-тонолгон, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүдө, бейажал өлүмдөрдүн себептерин аныктоодо эл аралык эксперттердин ойлору мааниге ээби? Деги эле келтирилген чыгымдар боюнча доого жыгуу жагы мындай чыр-чатактарда кандай чечилип жүрөт?


- Албетте, 3-тараптын же көз карандысыз комиссиянын эксперттеринин ойлору, чечимдери негизги ролду ойнойт. Ошондой комиссиялар түзүлүш керек. Антпесе, Кыргызстан тарап фактыларды көрсөтүп, өздөрүнө тарткан деген ой кала берет. Ошон үчүн ар түрдүү структураларга кайрылсак, кайсы бир убактарда буга баа берилип, аягына чыгат. Бирок, бул аябай узак процесс. Аны элге алдын ала ачык жана так айтып коюш керек.


- Коңшу мамлекеттер менен чек арабыз бир болгондугуна байланыштуу таптакыр мамилени үзүп салууга болбойт да. Бирок, ошол эле учурда алар менен теңата сүйлөшүү да маанилүү болсо керек. Негизи эле таасирдүү, башкалар да эсептеше турган абалга жетүү үчүн ички жана тышкы саясатта эмнелерге басым жасоо керек?


- Жакшы суроо экен. Бизге негизгиси экономика, армия, аскердик күчтөрдү бекемдеп, идеологиялык биримдикти камсыздоо өтө маанилүү. Эгер ушул шарттар болсо, биз ички жана тышкы саясатта башкалар эсептеше тургандай эгемендүү мамлекетти позициялай алабыз. Татыктуу кадр саясаты жүргүзүлүп, жаштарыбыз дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтө алгандай билим берүү шарттары түзүлүп, калктын ден соолугуна кам көрүү эң башкы орунда турушу керек. 


- Тажикстандын кылган агрессиясына Кыргызстан тарап эң таасирдүү жооп катары эмне кылышы керек? Же эч нерсе болбогондой эле мамилени уланта берсе болобу?


- Азыр менин дагы кыргызстандык катары абдан ыза болуп, намыстанып турган кезим. Биз болгон агрессияны тастыктап, документтерди чогултуп, дипломаттар аркылуу дүйнөгө баардык уюмдарга жайышыбыз керек. Эң негизгиси – бир тараптуу агрессия болгондугун фактылар менен далилдөө аракеттерин жүргүзүү. Ошонун негизинде Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп, чындыктын аягына жетүү зарыл. Ал өлкө менен мамилени эч нерсе болбогондой уланта берүү туура эмес. Анткени биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнө, элдин намысына чоң сокку болду. Ошондуктан өкмөт ыкчам аракеттерди көрүп, баардык тараптарды колдонушу керек.

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн