Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чыңгыз Айтматовдун рухий мурастары жана бүгүнкү кыргыз турмушу

10.12.2023 19:19
2822
Чыңгыз Айтматовдун рухий мурастары жана бүгүнкү кыргыз турмушу


Ар бир улуттун улут катары жашап туруусунда анын байыртадан берки тарыхый тажрыйбалары, руханий казынасы жана келечегине шамчырак катары жарык кылып турган идеологиялык багыттары болору шексиз. Биз үчүн алар кайсылар? Албетте, алар элибиздин эчен кылымдар бою тарыхый тажрыйбасынан улам калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин көөнөрбөй жашап келаткан нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, макал-лакаптарыбыз, ошону менен бирге, руханий дүйнөбүздүн туу чокусу катары саналган “Манас” дастаныбыз, кенже эпосторубуз, классикалык акындар поэзиябыз, анын улуу өкүлдөрү Токтогул, Жеңижок, Барпынын нускалуу ырлары, Алыкулдун поэзиясы жана профессор Советбек Байгазиев айткандай, “ак калпак кыргыз менен ааламдын даанышманы” Чыңгыз Айтматовдун руханий мурастары” болуп саналат. Анткени улуу жазуучу жана сүрөткер Ч.Айтматов чыгармаларына кыргыз турмушун да, кыргыздын жандүйнөсүн да дээрлик баардык чыгармаларында көркөм сөздүн күчү менен батырып калтырды, аны сөз менен гана эмес, типтүү, элестүү, өлбөс образдарын түзүп калтырды. Анын жараткан ар бир образдары тирүү адамдардай, мурда жашап өткөн, бүгүн да жашап жаткан жана эртең да жашай берер өлбөс адамдардай сезилет. Аларды түзүү менен Ч.Айтматов кыргыз элинин гана эмес, дүйнө элинин элдик мугалиминдей, насаатчы, даанышманындай элес калтырат.


Башкасын коюп, Ч.Айтматовдун бул рухий мурастарын мектептерде окутуунун өзү – бул педагогика илиминин гана проблемасы, же мектептин гана майда маселеси эмес, ал ар бир кыргыз адамынын жандүйнөсүн жаш курак кезинен тарта Ч.Айматовдун таалими менен гүлдөй сугарып өстүрүүнү көздөгөнү үчүн баалуу. Ч.Айматовдун чыгармаларынын окуу программасына кирип, окуу китептерден орун алып, аны окуган окуучунун алган баасы баланын бир майда күндөлүк иш-аракети эмес, ал баланын адам болуу жолундагы улуу жазуучунун таалим мурастарын үйрөнүү менен адам болуу жолуна түшкөнү болуп элестейт. Ошондуктан, Ч.Айтматовдун чыгармаларын мектептеги адабият сабагы аркылуу талаптагыдай окуп-үйрөнүү өтө маанилүү тарбиялык жумуш, келечектеги кыргыз адамын жаштайынан адам болууга тарбиялоо экендиги талашсыз.


Бүгүнкү күндөгү орто мектептин кыргыз адабияты окуу программасында улуу “Манас” эпопеясына 1-класстан тартып 11-класска чейин 62 саат окуу убактысы бөлүнсө, Ч.Айтматовдун чыгармаларына 44 сааттык убакыт ыйгарылган. (Андан башка Токтогулдан, Алыкулдан ж.б. жазуучулардан 30-20-10 сааттык окуу материалдары кирген. Башка бир дагы жазучу же акындарга мынчалык орун берилген эмес). Демек, мунун өзү Ч.Айтматовдун чыгармаларынын баалуулугу канчалык экендигин жана кыргыз педагогика илими ага канчалык деңгээлде маани берип жатканын айгинелеп турат.


Көркөм чыгарманы сабакта окутуу –  бул ал чыгарманы жомоктотуп таржымалоо эмес. Көркөм чыгарманы окуу, анын автору менен маектешүү, ой бөлүшүү, пикир алышуу, сырдашуу болуп саналат. Эгер мектептин миссиясы баланы өнүктүрүү, баладан атуулду тарбиялоо жана аны турмушка даярдоо болсо, анда Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасы менен баланын руханий дүйнөсү байытып, ой жүгүртүүсүн, кыял чабыттарын, көз караштарын өнүктүрүүнү көздөсөк, каармандары аркылуу “күн сайын адам болуунун” тажрыйбасын үйрөтсөк, алар аркылуу турмушка даярдоону үйрөнсөк болор эле. Мугалимдин милдети мына ошол манилүү турмуштук милдеттерди чечүүнүн жолдору менен ыкмаларын билүүсү жана аны кыргыз баласын адам кылуунун мисалында иш алып баруусу маанилүү. Ал үчүн мугалим жазуучу менен окуучунун ортосундагы көпүрө же элчинин кызматын аткаруусу керек.


Анан дагы бир сөз, мугалимдин милдети – коомдогу билим берүү менен тарбиялоонун милдеттерин айкалыштырат. Анткени, бул жерде билим берүүнүн философиясы жатат. Билим берүүнүн философиясы баланы билимдүү кылуу менен коомду билимдүү кылууну, баланы тарбиялоо менен коомду тарбиялоону, баланы өнүктүрүү менен коомду өнүктүрүүнү ишке ашырат десек, анда кыргыз баласынын бүгүнкү адам болуусу эртеңки кыргыз коомунун тарбиялуу, билимдүү болуусун эскертип отурат.


Өзүбүзгө суроо салалы: Ч.Айтматовдун чыгармаларынын козгогон проблемалары же каармандары эмне үчүн бизге ушунчалык маанилүү? Жооп издесек, Ч.Айтматов анын маанилүүлүгүн ар бир чыгармасында кыргыз турмушунун мисалында, каармандарынын жеке мисалында же башкалар менен мамилелеринде ачык көрсөткөн жана алардын подтексттери аркылуу “эми сен калганын өзүң ойлоп түшүн” деп, жашыруун сырларын катып отургансыйт.


Бул ойлорумду жазуучунун ар бир каарманынын мисалында түшүндүрүп берсем болот. Мисалы, “Бетме-бет” повестинде Ысмайылдын образы менен калк башына каран түшкөн күндөрдө кара жанын калкалап, кара башынын кайгысын ойлоп, элден бөлүнүп, үңкүргө жашынып күн көрүүгө өткөн бир пенденин образы менен анын айыбын ачкан патриот аялдын образын жаратты десек, анын подтекстинде эмне жатат? Ч.Айтматов ар бир кыргыз баласына “Ысмайылдай болбо, Ата журтуңду ойло” деп насаат айтып жатабы же?.. Иши кылса, ар бир мектеп баласы Ысмайылды тилдеп, сындап, сабакта жооп берип, эссе жазып, мугалиминен “5” деген баа алып жаткандыр. Бирок, улуу жазуучу акырын кыйытып эскертип, баланы сынай карап, “Ызырынча шүк тур, кайсы бир күндө сен дагы Ысмайыл болорсуң, сенин жана ар бириңдин ичиңде Ысмайыл жашынып отургандыр. Ал бир күнү ойгонор” деп эскертип отурган жокпу?


Жамийланы алалы. Жамийланы өз убагында да, бүгүн дагы бир ууч кыргыз менен дүйнө эли сындап да, баалап да келатканы менен, адам эркиндиги тууралуу “кыргыздын кылым талашын” жазып калтырды. Анткени Жамийланын адам катары өзүнүн эркиндигин эңсеп жашоосу – бул кыргыздын гана эмес, дүйнөнүн талаш маселеси экендигин Ч.Айтматов Жамийланын мисалында эске салды. Ал тууралуу белгилүү “Айтматов таануучу” Г.Гачев “Күңдөн адамга чейин” аттуу макаласында “күң болуп эптеп жашап жүргөнчө, жашоодо адам деген улуу сезимдин улуу экендигин” жазса, соңку жылдардагы философиялык изилдөөлөрдө “адамдарды үй-бүлө да бириктире албастыгын, адамдарды бир күчтүү идея гана бириктире ала тургандыгын” айтып отурат. Көрсө, ал күчтүү идеяга сүйүү, махабат да тийешелүү экен. Ал гана эмес, адам баласы төрөлө элек эмбрион кезинде эле өз эркиндигине ээ экендигин, керек болсо, төрөлгүсү же төрөлбөгүсү келген эркиндиги болорун жазуучу “Шайтандын эн тамгасы” романында жазбады беле? Анан да ошол эмбрион төрөлгөндө кимге жана кандай адамга бала болорун да ойлоно аларын изилдөөлөр кыйытып отурат. Философ Аристотель “Жалаң акыл менен жашаган адамга – Жер шары мекен” деп айтмакчы, бүгүнкү кыргыз турмушу аны айныксыз далилдеди. Бүгүнкү ким каерде, кантип жана ким менен жашагысы келерин эркин чечкен кыргыз турмушу ага далил. Мына адам эрикиндиги деген! 


Айрыкча “Кылым карытар күн” романындагы Казанкаптын билимдүү шаардык баласынын элдик баалуулуктарды билбей өсүп, улуттук салт-санаалардан четтеп, ата-бабалар карманып келген нарк-насилди сыйлабай калышы – СССР мезгилиндеги “формасы – улуттук, мазмуну-социалисттик” деген маданиятыбыздын идеологиялык жемиши катары карап, Сабитжанды “азыркынын маңкурту” деп бааласак, ал ошону менен эле чектелбейт. Анда да жазуучу бүгүнкү күндө ар бирибизди “Сен дагы Сабитжансың, Сабитжан жалгыз эмес, керек болсо, ар бириң Сабитжансыңар, ар бириң улутубуздун нарк-насилин билбей калдыңар, ар бириңердин көкүрөгүңдө Сабитжан отурат, аны силер байкабай жатасыңар” деп эскертип тургансыйт. Ошонусу менен бүгүнкү кыргыз баласына, кыргыз гана эмес, дүйнөнүн ар бир жаңы муунуна “Сабитжандай болбо, улутуңду ойло, салт-санааңды, нарк-насилиңди корго, келечегиңди болжо” деп насаат айтып тургансыйт.


“Делбирим” повестиндеги Асел менен Ильясчы? Анда да ар бир адамга “үй-бүлөңдү корго, балаңды ойло, жарыңды ойло” деп эскертип турат. “Деңиз болбой жорткон ала дөбөт” повестиндеги Орган менен наристе бала Кириск аркылуу “эртеңиңди, тукумуңду ойло” деп насаат айтып тургансыйт. “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн менен Алтынайды эстегенде “бүгүнкү өнүккөн заманда ушундай мугалимдерибиз көп болсочу! Бүгүнкү академиктерибиз да ушул Алтынайдай жөнөкөй болсочу! Алар дагы алгач ирет тамга тааныткан мугалимин Алтынайдай урматташсачы!” дедиртип тамшандырат. “Танабайдай таза бол, Толгонайдай акылман бол, жырткыч карышкырдын да тагдырын Бостончо ойлон, же турмушуңда “кой оозунан чөп албаган, эч кимге зыяның жок момун” болсоң бол, бирок өз көз карашыңды коргой албаган бечара Момун абышкача болбо” деп эскертип, насаат айтып тургансыйт.


Албетте, Кудай кааласа, биз бүгүн кардыбыз ток, кийимибиз бүтүн, үстүбүздө үйүбүз бийик, тасмалыбызда тамагыбыз бапырап, ат мингенден уялып, катар-катар машиналарыбыз бар. Бирок рухубуз жарды, рухий жактан ачка болуп турган чагыбыз. Китеп окубайбыз, театрга барбайбыз, кинолорубуз тарбия үчүн эмес, касса үчүн тартылат. Окуу жайларда окусак да, тааныш-билиш менен баа алабыз, билимден жарды болсок да, экиден дипломубуз бар. Бирок китептен жаттап алган билимибиз менен каякка жетебиз? Кызматта да ишмердигибиз менен эмес, тааныш-билиш менен жогорулайбыз. Өзүбүз үчүн өгүздөй иштейбиз, өлкөбүз үчүн кол учубузду зорго жумшайбыз. Шаан-шөкөттү сүйүп, аны массалык маданиятка айланттык. Билимсиз бир муун коомго бекем орноп калды. Азыр кыргыз коому ошолордун колунда. Адеп-ахлак, адеп-ыйман экинчи планга өттү. Туруктуу динибизден жана таза дилибизден адашып баратабыз. Наркыбыз унутулуп, салттарыбыз бурмаланууда. Каадаларыбыз өзгөрүп, адаттарыбыз тескериленүүдө. Учурда биз жалпы кыргыз эли тетири адаттар, терс каадалар менен, текеберчилик жүрүм-турум жана мамиле менен жашап жатабыз.


Улуттук намысыбыз уктап жатат. Ал жаштарыбыздын, улууларыбыздын да жеке сапаттарынан, мамилелери менен жүрүм-турумунан даана көрүнүп турат. Көрүп-билип туруп, эч нерсе кыла албайбыз. Ушундай шартта “уятсыз жаштардан- нарксыз улуулар жаман” деген сөз бүгүн өтө талылуу да, орчундуу дагы болуп бараткансыйт.


Мындайлар бизге кайдан келди? Анын келишине – энесине жаа тарткан маңбаш бүгүнкүнүн маңкурт жоламандары, калктын башына кыйын күн түшкөндө кара жанын калкалай качкан бүгүнкү күндүн ысмайылдары, салты менен наркын унуткан бүгүнкүнүн илим-билимдүү сабитжандары, табиятыбызды бүлүнтүп, ошондон туйтунуп жашап жаткан бүгүнкү күндүн орозкулдары менен шеф бектурлары, кызматка жетип алып, анын кадыр-баркын кетирген текебер чиновник таңсыкбаевдери күнөөлүү. Мунун өзү акын Алыкул айткан “Ата журтубуздун ооруп турганы” эмей эмне!


Мына адабияттын кудурет күчү. Анткени, адабият – тарбиянын куралы, каражаты, анын инструменти. Ошол каражатты, куралды жана инструментти пайдаланып, биз мектептерде, үйүбүздө, коомдук чөйрөдө өз балдарыбызды, кыргыз баласын өзүбүз кыргыз нарктары менен тарбиялабасак, анда аларды башкалар тарбиялайт, башка жакка карай жетелеп кетишет. Тарбиянын кооптуулугу мына ушунда.


Ошондуктан, адабияттын жакшы үлгүлөрү менен тарбиялоо – бүгүнкү күндөгү маанилүү проблема, тажрыйба да болмокчу. Анткени, бүгүнкү күндө идеологиялык плюрализм же көп тараптуулук болуп турган чакта, жаңы муундун алдында идеогиялык багыт айкын болбой, баалуулуктарыбыз чаржайыт болуп турган мезгилде, өмүрүнө өрнөк кылып, өсүүсүнө мисал кылып өсө турган улуу идеалдар жок болуп турган чакта, “Тоолор кулаганда” романында эскертип өткөн “жакында тоолор кулайт” деген улуу эскертүү – биз үчүн өтө актуалдуу. Баарыдан да Арсан Саманчиндин бүгүнү маданиятты сындап, массалык маданиятты “масмаданият” деп атап отурушу өзгөчө “коомдук памфлет”! 


Ушулардын баары биз үчүн руханий сабактар. Мектептеги “сабак” деген түшүнүк ушундай сабактардан, үлгү-насааттардан, өрнөктөрдөн улам алынганын баамдабайбыз. “Сабак” деген сөздүн дагы өзү “өткөндөрдүн үлгүсү”, “мурункунун өрнөгү” деген түшүнүк экенин баамдообуз керек. 


“Жазуучу жакшы окурман издеп жашайт, саяпкер жакшы тулпар издеп жашайт, мүнүшкөр жакшы шумкар издеп жашайт” демекчи, биз жакшы окурман бололу. Жазуучунун өмүрүн жакшы китеби улайт, а жакшы китептин өмүрү жакшы окурман улантат” дегендей, биз жакшы окурман бололу. Улуу жазуучу, улуу насаатчы Чыңгыз Айтматовдун рухий мурастарын үйрөнө берели, көөнөртпөй сактайлы!


Сулайман Рысбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн