Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 14:39
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды

11.09.2025 10:50
23
Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды


Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай түрдө ачылды.


Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.


Конок тосуучу жайда төмөнкү шарттар түзүлгөн:

- Тамактануучу жай; 

- Намазкана; 

- Фотозона — туристтер үчүн эсте калаарлык сүрөткө түшүүчү атайын жасалгаланган аймак; 

- Терраса — тоо көрүнүшүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча; 

- Эс алуу зонасы — отургучтар жана көлөкөлүү жайлар менен камсыздалган; 

- Санитардык талаптарга жооп берген ажаткана.


Ошондой эле, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире беришке чейинки 9,5 км жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 725 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 725 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн