Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чолпон-Атада “КМШнын жана ЕАЭБдин жаш лидерлери” темасында талкуу болуп өттү

25.08.2022 15:20
1114
Чолпон-Атада “КМШнын жана ЕАЭБдин жаш лидерлери” темасында талкуу болуп өттү

Чолпон-Атада өтүп жаткан жаштар форумунун алкагында “КМШнын жана ЕАЭБдин жаш лидерлери” деген темада талкуу болуп өттү.


Анда КМШ өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин улуттук кадрдык резервдери – түзүү механизмдери жана өнүгүү келечектери, улуттук менеджмент мектептери – ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү тажрыйбаларды кеңейтүү, Евразия Студенттик Ассамблеясы – аймактын жаш лидерлерин бириктирүүнүн стратегиялык максаттары темалары талкууланды.


Талкууга КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Россия президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Укук жана улуттук коопсуздук институтунун директорунун эл аралык мамилелер боюнча орун басары Валерий Смирнов модераторлук кылышты.


Баяндамачы катары Армениянын Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Хачатур Казеян, Казакстандын Коомдук өнүгүү маалымат министрлигинин Жаштар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасы Кайрат Баймулдиновдор сындуу бир катар мамлекеттин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өнүгүүнүн ар кыл багыттарына тиешелүү, бүгүнкү күндө актуалдуу болгон ар кандай суроолор жана кызуу диалог менен коштолду.


Белгилей кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.


 


  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн