Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылды

Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылды


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 15-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын сөөгү 18-мартта Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирип, келиндин сөөгү өлүкканага жеткирилип, соттук-укуктук экспертиза дайындалганын кабарлады. 


Маркумдун жакындары милицияга арыз менен кайрылып, ал Кант шаарындагы үйүнөн 15-февралда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан. Ошондон бери аны издөө иштери жүрүп жаткан.


Буга чейин анын кийип жүргөн кийимдери менен уюлдук телефону Чүй каналынын жээгинен табылган. Асел Жанарбек кызынын жакындары бир катар маалымат каражаттарына ал үйдөн чыгып кеткен күнү жолдошу менен урушканын айтып беришкен. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн