Кулжа 25, 2025
Убакыт: 10:31
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.100
1.135

Чүйдө курал жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталган жер табылды

16.02.2021 18:16
753
Чүйдө курал жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталган жер табылды

Куралдардын жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.

Табылган жашыруун жерден 2 кесилген мылтык, 160тан ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда.

Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн