Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чүйдө "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Чүйдө "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды


Москва жана Сокулук районунда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга радикалдуу диний агымдын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун пикирлерине чакыруу жөнүндөгү ар кандай диний маныздагы материалдар таратылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Москва РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренесиндеги кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 19-сентябрда Чүй облустук, Москва райондук милициясынын, ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү Б.У., К.У., Т.Г. жана С.Б. аттуу жарандар аныкталган.

Ошол эле күнү шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 73 даана китеп, 12 даана уюулдук телефон, 11 дана кол жазма менен жазылган дептерлер, 1 компьютер процессору, 3 флешкарта, 71 даана банкттын акча которулгандыгы тууралу квитанциялары табылып алынып, Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү соттук-теологиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган материалдар экстремисттик экендиги аныкталган.

Шектүү 1981-жылы туулган Б.У. мыйзамга ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн