Жетинин айы 02, 2025
Убакыт: 21:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.110

Чүйдө стратегиялык маанидеги объект мамлекетке кайтарылды

12.09.2025 11:42
246
Чүйдө стратегиялык маанидеги объект мамлекетке кайтарылды


Чүйдө стратегиялык маанидеги объект мамлекетке кайтарылды.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган райондун Чолок-Арык айылынын четинде Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жайгашкан, стратегиялык мааниге ээ болгон “Аспара” дарыясынын башкы суу бөлүштүрүү пунктундагы кызматтык үйү жана ага тиешелүү 2749,0 м2 жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга 38 900 сомго сатылып кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 27,9 млн сомду түзгөн жер тилкеси менен кызматтык үй мамлекеттин балансына кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн