Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чүйдө төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келин көз жумду

Чүйдө төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келин көз жумду


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келин көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.


Министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүүдө.


"36 жаштагы келин Токтогулдан келген. Төрөт үйүнө айынан өтүп кайрылган. Баланын абалы туруктуу, энесин сактай алган жокпуз", — деди Асылбашева.


Эске салсак, буга чейин Бишкекте эки келин төрөттөн кийин каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн