Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чүйдө жүргүнчү талашкан айдоочулардын бири жаракат менен ооруканага түштү

Чүйдө жүргүнчү талашкан айдоочулардын бири жаракат менен ооруканага түштү


Панфилов районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


14-февралда жергиликтүү тургундар - жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызматы) менен алектенген 1987-жылы туулган Б.М. менен С.М. кезекти бөлүшө албай, уруша кетишкен. Алар айылдын четинен жолугуп, маселени чечүүнү макулдашышкан. Ал жерде С.М. аттуу жаран Б.М.га бир нече жолу бычак менен жаракат келтирген. Денесинен оор жаракат алган Б.М. Панфилов районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.


Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектүү С.М. ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн