Өткөн суткада коронавирус 730 кишиден аныкталып, 344 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жуктургандар:
- Бишкек – 312;
 - Ош – 100;
 - Чүй облусу – 74;
 - Ош облусу – 74;
 - Талас облусу – 13;
 - Нарын облусу – 2;
 - Ысык-Көл облусу – 22;
 - Жалал-Абад облусу – 68;
 - Баткен облусу – 65.
 
Ушуну менен өлкөдө оору аныкталгандардын саны 115 030га жетип, анын ичинен 105 050 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
- Бишкек ш.– 205;
 - Ош ш. – 21;
 - Чүй облусу – 47;
 - Ош облусу – 26;
 - Талас облусу – 2;
 - Нарын облусу – 2;
 - Ысык-Көл облусу – 10;
 - Жалал-Абад облусу – 16;
 - Баткен облусу – 15.
 
Акыркы суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен төрт бейтап Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда каза тапкан.
Өлкөдө жалпысынан 2 375 киши стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 709 бейтаптын абалы оор болсо, 99 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн